“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын директору Жамалбек Ырсалиев Түркиядагы “Мимсан” заводунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Тарик Йылмаз менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап “Мимсан” заводунан “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына жаңы от казандарды сатып алуу боюнча маалымат алышышты. Маалым болгондой, “Мимсан” заводу Түркиядагы көп кабаттуу үйлөрдү ысык суу жана жылуулук менен камсыздоочу отказандарды чыгарган алдыңкы үч заводдун бири.
Директор Жамалбек Ырсалиевдин тапшырмасы менен буга чейин Эске салсак, буга чейин “Бишкекжылуулукэнего” коммуналдык ишканасынын башкы инженери Нурмат Балтабаев баштаган 3 кызматкери Түркияга барып “Мимсан” зоводунун жетекчилиги менен жолугуп, аталган заводдон кубаттуулугу 2500 модуль саатты камтыган бир даана буу казан сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан.
Ал буу казан Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндөгү “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын №3 участогуна жайгаштырылып, ишканага караштуу № 5 коомдук мончону жылуулук жана ысык суу менен камсыздамакчы. Азыркы учурда №5 коомдук мончодо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.