“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаада таштандыларды чыгарууну  улантууда.
Свердлов жана Ленин райондорунда акыркы 3 күндүн ичинде ишкананын кызматкерлери 1000 тоннадан ашык таштанды чыгарышты.

Санитардык тазалоо иштерине 30дан ашык атайын техника жана 60 жүктөгүч тартылса, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууга 25тен ашык атайын техника жана 55 жүктөгүч тартылууда.

Ошондой эле Биринчи май районунда пилоттук долбоордун алкагында «ЭкоПроф» ишканасына тиешелүү 8 атайын техника линияда иштеп жатат. Ишкана Азовская, Турусбеков, Тоголок Молдо, Манас, Турусбеков, Васильев, Кара-Балтинская, Березовая көчөлөрүнөн жана  “Түштүк-2”, “Достук” кичи райондорунда жана “Көлмө”, “Касым”, “Ак-Босого”, “Маданият” жаңы конуштарынан 150 тоннадан ашык таштанды чыгарды.

Эске салсак, катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.