«Бишкекжылуулукэнерго» КИ директору Жамалбек Ырсалиевдин тапшырмасы менен отканалар текшерилүүдө.

Башкы инженер инженер Нурмат Балтабаев борбордун батыш тарабындагы мектептерди, социалдык мекемелерди, ишканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган №6 участоктогу откананын даярдыгын текшерди.

Ал №40, №59, №7 мектептерди, Лев Толстой жана Тойгонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жылыткан отканалардын абалын көрүп чыкты.

Эске салсак, №6 участкадагы откана Биринчи май районуна караштуу №82, №96, №59, №40, №74 ж.б. мектептерди жылуулук менен камсыз кылат.