Биринчи май районунун аймагында көчмө жыйындар өткөрүлүүдө.

Текшерүү түз эфирде берилген кайрылуулардын негизинде өткөрүлдү.

Алгачкы текшерүү Тыныстанов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча светофор тилкелерин орнотуу маселесин карашты.

Тыныстанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ирригация тармагы болсо дагы сугат  иштери жүргүзүлгөн жок, ушундай эле көрүнүш Түштүк-2 кичи районунда да бар. Абай жана Панфилов көчөлөрүнүн кеслишинде сугат суу жана жарыктандыруу маселелери да каралды.

Аны менен бирге Кулатов көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн  Фатьянов көчөсүнө чейинки 400 метрге жакын жаңы жолдун курулушу менен таанышты. Жол Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти  аркылуу «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (фаза-2) алкагында КЭР грантынын эсебинен салынууда.

Ошондой эле ал жерде жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуу болуп, алар бул жолдун курулушунун мыйзамдуулугуна, ошондой эле жашыл аянттардын кыйылышына арыз менен кайрылышып, бардык фактылар боюнча документтерди тапшырышты.

Панфилов атындагы №1а дарегиндеги жараксыз абалдагы жатакана да текшерилди. Учурда оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сметасы түзүлүп, андан соң ушул жылдын күз айларында ишти баштоо пландалууда.

Бардык кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Биринчи май акимчилигинин компетенциясынын чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилип, протокол түзүлдү.

Бул багыттагы текшерүүлөр уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.