Семинардын жүрүшүндɵ музыка мугалими Т.Калачева «Музыка сабагын кантип кызыктуу ɵткɵрүү керек, заманбап технологиялардын жардамы менен окуучулардын талантын ɵнүктүрүү» тууралуу доклад окуду жана музыка сабагында кантип интерактивдүү тактаны колдонуу керектиги тууралуу ачык сабак ɵткɵрдү. Ошондой эле мисал катары 1-класстын окуучуларына ачык сабак ɵткɵрүлдү.
Аталган семинарга Бишкек шаарынын мектептеринде иштеген 68 музыка сабагынын мугалими катышты.