Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти оңдоо иштерине 17 көчө жабылганын маалымдайт.

Бул көчөлөрдө “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун фаза-2 алкагында жол куруу иштери жүргүзүлүүдө.  

Төмөндөгү көрсөтүлгөн көчөлөрдүн бөлүгү жабылган:
-Карасаев көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Карадарьинский көчөсүнө чейин, аралыгы 0,6км;
-Т.Фрунзе көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, аралыгы 0,8 км;
-Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин, аралыгы 1,1 км;
-Интергельпо көчөсү Кеңсуйская көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейин,  аралыгы 0,6 км;
-Гидростроитель көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин “Эне-Сай" конушундагы Аламүдүн суусуна көпүрө куруу менен, аралыгы 1,1 км;
-Жайыл-Баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн “Арча-Бешик” конушундагы Алыкулов көчөсүнө чейин, аралыгы 2,8 км;  
-Шералиев көчөсү №18 көчөсүнөн “Арча-Бешик” конушундагы Северная көчөсүнө чейин, аралыгы 1 км;
-Эр-Тайлак көчөсү Арча-Бешиктен “Арча-Бешик” конушунан Репин көчөсүнө чейин, аралыгы 1,9 км;
-Кулатов көчөсү Фатьянов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, аралыгы 0,3 км;
-Садыбакасов көчөсү Эр-Тайлак көчөсүнөн “Арча-Бешик” конушундагы Абдрахманов көчөсүнө чейин, аралыгы 1,7 км;
-Чүй көчөсү Ауэзов көчөсүнөн “Учкун” конушунун аягына чейин, аралыгы 2,3 км;
-Джантөшев көчөсү Ж. Пудовкин көчөсүнөн Карадарьинский көчөсүнө чейин, аралыгы 1 км;
-Кропоткин көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин, аралыгы 1 км;
-Панфилов көчөсү Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин ЧЧК аркылуу көпүрө куруу менен, аралыгы 1 км;
-Скрябин көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Карадарьинская көчөсүнө чейин, аралыгы 1,6 км;
-Орозбеков көчөсү Түгөлбай- Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, аралыгы 0,2 км;
-Матросов көчөсү Карасаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин, аралыгы 0,2 км;

Жакынкы аралыкта жабыла турчу көчөлөрдүн бөлүктөрү:

-Суванбердиев көчөсү Ж. Пудовкин көчөсүнөн Карадарьинская көчөсүнө чейин, аралыгы 1 км;
-Түгөлбай-Ата көчөсү  Ибраимов көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин, аралыгы 0,82 км;
-Бектенов көчөсү, Койбагаров көчосүнөн Скрябин көчөсүнө чейин, аралыгы 0,8 км.  

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.