“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын имаратын жарыктандырууну жаңылады.
Шаардык кызматтын кызматкерлери фасадга жана анын жанына ар кандай кубаттуулуктагы жана ар кандай жарык эффектиси бар 94 сызыктуу светодиоддук чырактарды орнотуп, фасадка 400 метр неон лентасын кадашты.
Жаңы жарыктандыруу натыйжалуураак. Ошондой эле мурда жарыктандырылбаган жерлер жарыктандырылып, имараттын сырты сырдалды.
Бул жарыктандыруу энергия чыгымдарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.