Таң эрте жашыл аймактар арыктан аккан суу аркылуу сугарылса, ал эми кечинде бактар атайын унаанын жардамы менен сугарылат.

Жашылдандыруучулар Исанов, Абдрахманов, Медеров, Токомбаев, Панфилов, Шопоков, Гоголь, Сухэ Батор , Профсоюз көчөлөрүн, Жибек-Жолу, Тынчтык жана Чынгыз Айтматов проспектилерин, ошондой эле Тоголок Молдо, Дене тарбия сейил бактарын жана Эркиндик бульварын арык сугат менен сугарышууда.

Ошону менен бирге Чаадаев көчөсүндөгү жана Ак-Тилек турак жай конушундагы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды кол менен жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мыдан тышкары, ишкананын кызматкерлери Профсоюз, Салиев жана Медеров, Абрахманов көчөлөрүнүн, Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан көк майсаңдар тегизделди.