Кезектеги текшерүүдө Ленин районунун санитардык абалы текшерилди. Текшерүүдө Токтогул көчөсү №191 дарегинде жайгашкан дарыкананын айланасында курулуш таштандылары чогултулуп, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.
Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан курулуш объектисинин бригадиринин атына таштандыларды чыгаруу, ошондой эле белгиленбеген жерге таштандыларды таштоого жол бербөө жөнүндө эскертүүсү берилди.