"Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы фонтандарды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Биздин бригада Ю.Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Күн балыктары" фонтанын жууп-тазалашты.

Ю.Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Алтын балыктар" фонтаны да кирден жана ылайдан тазаланган.

Пушкин жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Революциянын күрөшчүлөрү" фонтаны дагы көңүл бурулбай, тазаланбай калган жок.

Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы фонтандын түштүк жана түндүк чөйчөктөрүн дагы Тазалыктын кызматкерлери жуушту.

Юлиус Фучик көчөсүндөгү "Аска-Таш" комплексиндеги Фонтан да тазалыкты чагылдырат. Ата-Түрк паркындагы да фонтан жуулуп-тазаланды.

Урматтуу жарандар! Фонтандарда сууга түшпөөнү жана балдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү суранабыз, анткени бул сизге жана сиздин жакындарыңызга ар кандай инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучуна дуушар кылат.