Борбор калаада аэробика гимнастикасы боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өттү.

Мелдеш 2 күнгө созулду. Аларга Нур-Султан шаарынан (Казакстан), Ош шаарынан (онлайн), Манас айылынан жана Бишкек шаарынан 42 спортчу катышты.

Иш-чаранын максаты – сергек жашоого, дене тарбия жана спортко үндөө, спорттун бул түрүн жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, спорттук разряддарды аткаруу, Кыргызстандын эң күчтүү спортчуларын аныктоо, башка мамлекеттер менен жемиштүү кызматташууну чыңдоо болуп саналат.

12-14 жаш курактагы кыздар арасында 1 - орунду Югай Яна (Бишкек ш.), 2-орунду Красноперова Анита (Бишкек ш.), 3-орунду Арстаналыева Акмаанай (Бишкек ш.) жана Курманова Алиса (Нур-Султан ш.) ээлешти.

Азаматсыңар, гимнасттар! Сиздерге мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!