Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн «Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 114-беренесине ылайык, Биг Бен компаниясына айып салынды.

Инспекцияга «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын  кызматкерлеринен сугат тармагынын бузулушу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол себептен көчөнү суу каптап, бир жума бою Жибек-Жолу проспектиси суугарылбай калган. Инспекторлор тарабынан «Башат курулуш» компаниясына 117-берененин 2-бөлүгү менен 23 миң сом айып салынды. Бирок, жасалган аракеттерге карабастан, компания күнөөсүн моюнга алуудан баш тарткан. Иш административдик комиссиянын кароосуна жана өкүм чыгарууга жөнөтүлдү.

Ошондой эле инспекторлор тарабынан уруксатсыз иштеген 25 күркө ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөр берилген.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.