Октябрь районун башчысы  Азамат Дороев №20 мектепке кошумча  500 орундуу имараттын  курулушун  текшерди.

Учурда жылуулук менен камсыздоо боюнча тышкы тармактарды салуу үчүн траншеялар казылып, 4-блоктун пайдубалын көтөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы билим берүүчү мектептин курулушун «Авангард Стиль» ЖЧКсынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

Андан соң аким  “Балалык” сейил багынын курулуш иштери менен таанышты. Азыркы учурда "Ак Ниет Курулуш" подряддык компаниясы тарабынан таман таштарды  төшөө, жарык орнотуу жана фонтандарды куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан бактарды санитардык кыркуу боюнча иштер аткарылып жатат. Ошондой эле Наманган шаарынан келген 30га жакын жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери 1 жылдык гүлдөрдү отургузуунун тажрыйбасы жана атайын технологиясы менен бөлүшүүдө.

Учурда паркта 100дөн ашык жашылдандыруучу иштеп жатат. Белгилей кетсек, гүлзарлардын жасалгалоосу Өзбекстандан келген адистер тарабынан иштелип чыккан. Эске салсак, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы сейил бакты көрктөндүрүү, сугаруу системасын орнотуу, топуракты тегиздөө үчүн даярдоо, парктын аймагын отоо жана башка бир катар иштерди улантууда.