Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Жолугушууда борбор калаанын муниципалитети менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу долбоору жана борбор калааны санариптештирүү маселелери каралды.
Маалымат үчүн: 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.