Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жамааты менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар башкармалыктын Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын эксплуатациялоо боюнча максатарын жана көйгөйлөрүн талкуулашты.
Эмгек жамаатынын өкүлдөрү калктын ичүүчү сууну сарамжалдуу эмес пайдалануу көйгөйүн айтып, калктан карыздарды өндүрүүнүн эффективдүү системасынын иштеп чыгууну суранышты.
Жыйындын жүрүшүндө электр энергиянын, күйүүчү- майга болгон тарифтердин кымбатташын, суу менен камсыздоо жана канализация тармагындагы иштерге керектелүүчү материалдардын жана жабдуулардын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелер дагы көтөрүлдү. Сууга жана саркынды сууларга тарифтер төмөн болгонуна байланыштуу башкармалык жоготууларга учурап жатат.
Бүгүнкү күндө суу түтүк жана канализация тармактарынын эскириши 70%ды түзөт. Эскирген инженердик тармактарды алмаштыруу үчүн тарифтик саясатты кайра карап чыгуу зарыл.
Мындан тышкары, кызматкерлер тазалоо курулуштарын, насостук станцияларды реконструкциялоонун, шаардык тармактарды оңдоонун мааниси жөнүндө маалымат беришти.