Диспетчердин кызматкерлери эртең мененки саат 05:00дөн баштап бир сутка бою иштешет. Алардын милдеттерине шаарга бараткан троллейбустун ар бир айдоочусун белгилөө, жолдомо берүү, сааттарды бөлүштүрүү жана айдоочулук күбөлүктү текшерүү кирет. Айдоочулар наряддарын наркологдон өткөндөн кийин гана ала алышат.

Кызматта жалпысынан 31 кызматкер эмгектенет.

Мындан тышкары, акыркы аялдамалардагы текшерүү пункттары шаарды аралап өткөн ар бир айдоочунун убактысын белгилейт.

Берүү пункттары акыркы аялдамаларда бар: Ак-Өргө, эт комбинаты, Туңгуч, Асанбай, Жал кичи райондору. Ал эми Борбордук диспетчердик кызмат  1-Деподо жайгашкан.