Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин Күнү менен куттуктайм!
Сиздер күн сайын адамзаттын ден-соолугуна кам көрүп, өмүрүн сактап кала турган адистерсиздер.
Жан аябастык жана жогорку кесипкөйлүк үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө уруксат бериңиздер.
Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге чыдамдуулук, ийгилик, күч кубат жана чың ден-соолук каалайбыз. Ыраазы болгон бейтаптардан жылуу сөздөр көп айтылып, үйүңүздөрдө тынчтык жана бакубатчылык болсун!
Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров