социалдык кызматтарды уюштуруу боюнча тренингинде

2022 - жылдын 30-июнунан - 2-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында ведомстволор аралык өз ара социалдык кызматтарды уюштуруу боюнча гейткипинг тренинги өткөрүлдү.

Тренингде  Социалдык  өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги жана начальниктин орун басары, 4 райондун социалдык иштер боюнча орун басарлары, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын начальниктери,   билим берүү борборлорунун директорлору, Бишкек шаарынын прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын  аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору жана Бишкек шаарынын прокурорлорунун жардамчылары катышты.

Тренинг төмөнкү темалар боюнча өткөрүлдү:
Турмуштун оор кырдаалында турган үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүдө биргеликте аракеттенүү механизмдерин киргизүү;
Турмуштун оор кырдаалында турган үй-бүлөлөргө  кызмат көрсөтүү үчүн кызматтарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү;
үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү механизмдерин киргизүү жана үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча Кочкор районундагы кесиптештеринин ийгиликтүү тажрыйбасынын презентациясы .

Тренингдин максаты - ведомстволор аралык биргеликте  аракеттенүүнүн алкагында турмуштун оор кырдаалында турган үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү кызматтарды оптималдаштыруу болуп саналат, бул - гейткипинг ыкмасын камсыз кылууда ишти күчөтүүгө жардам берет.