Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын, райондук администрациялардын, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилдин ролу, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду талкууланды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев иш-чараны алып барып, төмөнкү маалыматтарды берди.

“Бишкек шаарынын аймагында жайгаштырылган сырткы жарнамаларды Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүүдө өзгөчө чоң көйгөйлөр бар. Себеби азыркы учурдагы колдонуудагы укуктук-ченемдик актылар боюнча жергиликтүү башкаруу органдарынын укуктары чектелген.

Мамлекеттик тилди   өнүктүрүү бөлүмүнүн жобосуна ылайык, бөлүм: “Бишкек шаарынын аймагындагы жарнамалардын тексттерин мамлекеттик тилге которууда көмөк көрсөтүү” гана укугуна ээ. Жарнамалардын тексттерин текшерүү, макулдашуу жана уруксат берүү боюнча тийиштүү укуктук-ченемдик акт жана тийиштүү мекеме болбогондугуна байланыштуу, шаардагы жарнамаларды уруксатсыз жайгаштырып жатышат. Себеби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жарнама текстин текшертүү, макулдашуу жана жайгаштырууга уруксат алуу жөнүндө көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жарнама бөлүмүндө жараманы жайгаштыруу үчүн жер бөлүп берүү гана укугу каралган.

Бүгүнкү күндө жарнама маселесине тийиштүү бузууларга чара көрүү Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, жарнама жаатындагы мамлекеттик контроль монополияга каршы органдардын ыйгарым укуктарына кирет.

Монополияга каршы мамлекеттик орган жеке жана юридикалык жактар тарабынан жол берилген талаптагыдай эмес жарнамага эскертүү жасайт, аларга бөгөт коёт жана  талаптагыдай эмес жарнамага байланышкан бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу. Азыркы учурда мэрияга караштуу мекеме-ишканаларда мындай укуктар жок экендигин белгилейбиз жана бул маселени биргелешип чечүү максатында, сунуштарды жазуу жүзүндө жиберебиз”, - деди вице-мэр.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурду.