Октябрь районунун башчысынын орун басары Өмүрбек Тайтелиев 7-апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду калыбына келтирүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө кеңешмеге "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын, "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик ишканасынын, "Бишкекасфальтсервис" МИнин, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жашоочулардын коопсуз өтүүсү үчүн жөө жүргүнчүлөр светофорун орнотуу, ошондой эле жер алдындагы өткөөл боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.