Тургундар Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаковго «Чыгыш-5» кичи районундагы чатырды оңдоо, күркө орнотуу, ошондой эле жер маселеси боюнча кайрылышты. Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча райондун тиешелүү кызматтарынын жетекчилерине жана башчынын орун басарларына бардык көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев да салтка айланган жарандарды жеке кабыл алуу өткөрдү.

Райондун жашоочулары менен болгон жолугушууда Ленин районунун аймагын көрктөндүрүү, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүү жана социалдык жактан тейлөөнүн жакшыртуу маселелери талкууланды.

Райондун башчысы жашоочулардын бардык каалоо, сунуш, арыз-даттанууларын кунт коюп угуп, бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү кызматтардын жана МАБын жетекчилерине көтөрүлгөн бардык маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды.

Эске салсак, Ленин районунун акими жеке кабыл алууларды ар бейшемби күнү саат 15:00дө алдын ала жазылуу боюнча өткөрөт, жеке кабыл алууга (0312) 65 69 09 телефону аркылуу жазылса болот.

Ал эми Свердлов районунун башчысы ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алуу өткөрөт. (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыз.