Бишкекте Ак-Ордо көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейинки бөлүгү унаалар үчүн ачылды.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 0,793 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метр, ошондой эле жүрүүчү бөлүктүн эки тарабына 1,5 метр тротуар жана ирригация төшөлгөн.

Жол иштери ушул жылдын 27-февралында башталган.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган.