«Райондун мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинациясы боюнча 1-орунду - Биринчи май району, 2-орунду – Свердлов району, 3-орунду – Октябрь жана Ленин району алышты.
	
	«Административдик имараттын мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинациясы боюнча 1-орунду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония, 2-орунду KICB банк, 3-орунду КР Улуттук статистикалык комитети багындырды.
	
	«Бюджеттик мекеменин мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинациясы боюнча 1-орунга Свердлов райондук администрациясынын имараты, 2-орунга Октябрь райондук администрациясынын имараты жана 3-орунга №30 орто мектеби ээ болушту.
	
	«Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарларынын мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинацияы боюнча 1-орунду  «Бишкекпарк» СБ, 2-орунду 
«Тюбетейка» рестораны жана 3-орунду «ЦУМ» СБ багындырды.
	
	Жеӊүүчүлөргө  диплом жана акчалай каражаттар тапшырылды.
	
	
	
	
	
 
                    