Сугат тармактарынын бузулуп жаткан себептеринин бири бул шаардыктардын начар мамилеси жана таштанды ыргытканы.

Азыркы учурда: Масалиев, Жайыл-Баатыр, Абдрахманов/Иваницин, Медеров, Ибраимов жана Чүй проспекти менен 7апрель көчөлөрүнүн кесишинде сугат тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул жерлерде сапаттуу сугатты камсыз кылган маанилүү механизмдери бузулган. Сугат тармактарынын бурагычтары жана сугарган түтүктөрү бузулган.

Арыктагы суулар жолго ашып калганынын негизги себебинин бири бул таштандыларга толгон арыктар.

Бир нече учурларда сууну жапкан тээктерди  дагы атайын ачып коюшат.

Жыл сайын жазында “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сугат тармактары тазалап чыгышат, быйыл 95 698 погондук метр тазаланган.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден шаарыбыздын мүлкүнө аяр мамиле кылууңуздарды  суранабыз.