Шаардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборунда Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык концерт тартууланды.
Ага ата-энелери менен 150дөн ашык бала чакырылып, куурчак театрынын артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Майрам концерттик программа жана майрамдык дасторкон менен аяктады. Балдарга белектер тапшырылды.
Шаардык реабилитациялык борбор жыл сайын борбордо жашаган 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлейт.