Фирсов көчөсүндөгү оңдоо иштери тез арада бүткөрүлөт.
“Бишкексууканал” башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын адистери Фирсов көчөсүндөгү суу түтүктөрүн реконструкциялоону жакын арада бүтүрүүнү пландоодо.
Участканын узундугу 500 метрди түзөт. Диаметри 50, 100 мм болгон түтүктөр төшөлгөн. Бир кудукту монтаждоо иштери бүткөрүлүп, профилактикалык иштер жүргүзүлүп, 13 суу түтүк кудугунда тазалоо жана 7 суу түтүк бурагычын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.
Эски түтүк менен катар жаңы темир суу түтүктөрү тартылууда. Муздак суу менен камсыздоо тармактарына жаңы асфальт төшөлгөн учурда кырсыктарды болтурбоо максатында жер астындагы коммуникацияларды алмаштыруу боюнча алдын алуу иштер жүргүзүлүүдө.
Жумушка 10 кишиден турган эки бригада жана эки адистештирилген башкаруучу техника тартылган.
“Бишкексууканал” башкармалыгы борбор калаанын эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырууну улантат.