Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Күн сайын инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Инспекция «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте Ак-Ордо жаңы конушундагы чач тарачты, «Жал» кичи районундагы №8 ҮМТнун темир тосмосун, «Азия Молл» соода борборунун тосмосун, Ак-Өргө конушундагы «Неман» жеңил объектисин, 7-апрель көчөсүнүн ылдый жагындагы дүкөндү,  
Москва көчөсүнүн ылдый жагындагы “Бакан” кичи базарын демонтаждады.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.