Көрсөтүүдө эки дельфин, кит жана деӊиз мышыктары катышты.
Алар татаал трюктарды көрсөтүп, балдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Деӊиз мышыгы бийлеп, ак кит шакектерди суудан алып берип, дельфиндер топтор менен ойношту. Ошондой эле боёктор менен сүрөт тартышып, мэрге белек кылышты.
Эртеӊ, 31-декабрда калаанын балдар борборлорунун жана тарбиялануучу жайларынын балдары үчүн экинчи көрсөтүү өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы жалпысынан 2 миӊ аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга бекер көрсөтүү уюштурууну пландап жатат.