Жалпы билим берүү мектептин курулуш иштери TBEA Кытай компаниясынын грантынын эсебинен  жүргүзүлүүдө. Бөдрөтчү «Альто Групп» ЖЧК уюму.


Бүгүнкү күндө беш блоктун пайдубалдары куюлуп, плиталарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.


Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Омурканов катышты.
Маалымат: «Калыс-Ордо» конушу 2002-жылы Өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Жалпы аянты 135га түзөт.