Теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спортчулары майыптар арасында армрестлинг боюнча ХХ Азия Чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.
Чемпионатка 12 өлкөдөн 850дөн ашык спортчу жана Бишкектен 4 спортчу катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
Камчыбек уулу Эрлан (60 кг чейинки салмак жана угуусу начарлар категориясы) – сол кол менен 2-орун, оң кол менен 3-орун;
Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейинки салмак жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) – сол кол менен 3-орун;
Токтосун уулу Бекболсун (абсолюттук салмак жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) -сол жана оң кол менен 3 – орун;
Белгилей кетсек мелдеш Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өттү.
Ал эми спортчулардын машыктыруучусу - Алчинов Олег Евгеньевич.