Жаӊы жылдык иш-чара жомоктогу каармандардын, Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда өттү.
	
	Чакырылган балдар үчүн «Кар киши» театрлаштырылган көрсөтүүсү көрсөтүлүп, райондун башчысынын атынан белектер тапшырылды.
	
	Аталган иш-чарага жалпысынан 1130 бала чакырылды, анын ичинен «Оберег» балдарды калыбына келтирүү борборунун балдары да бар.
	
	Жаӊы жылдык иш-чараны уюштурууга райондук бюджеттен 439,4 миӊ сом каражат бөлүндү.
	
	
	
 
                    