Иш-чарага 700 бала катышты.
Свердлов районунун башчысы Айнагүл Чылабаева балдарды келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.
Балдар үчүн жомоктогу каармандардын жана куурчактардын катышуусунда жаӊы жылдык көрсөтүү тартууланды.
Иш-чаранын соӊунда райондун акиминин атынан таттуу белектер тапшырылды.