1-июлдан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат.

Санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.
Эми 1-июлдан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбай, Тулпар картасы толук иштей баштайт.

Жүргүнчүлөр үчүн биз накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири спектрин сунуштайбыз. Сиз төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:
- үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сизге ыңгайлуу болуу үчүн көрсөтүлгөн күнгө чейин транспорт картасын сатып алууну жана Тулпар системасынын иши менен таанышып чыгууну суранабыз.

Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алсаңыздар болот. Картанын баасы 50 сом (1 сапар баага кирет). Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот: https://www.tulpar-card.kg/about/buy/