Борбордо “Мектеп китепканалары элдик чыгармачылыкты жана маданий мурастарды жайылтуу” аттуу сынактын жыйынтыгын чыгарды.
Сынак шаардык билим берүү мекемелеринде Билим берүү башкармалыгы тарабынан жарыяланып, эки этап менен өткөрүлдү.
Сынактын катышуучулары 1-турда «Кыргыз элинин чыгармачылыгы» аттуу китеп көргөзмөсүнүн дизайнын түзүп, аны жакташты.
Көргөзмөнү жасалгалоодо айтылган темалардан чыгышкан жок.
Биринчи бөлүмдө: «Материалдык эмес маданий мурастар» - Бишкек шаарында жашаган ар түрдүү улуттун үрп-адаттары, каада-салттары жөнүндө.
Экинчи бөлүмдө: “Байыркыдан келе жаткан салт” – кыргыз элинин үрп-адаттары, маданияты.
Үчүнчү бөлүмдө: “Манас” эпосунда баяндалган кыргыздардын улуттук тамак-ашы, суусундуктары.
Экинчи турда көркөм кол өнөрчүлүк жана мастер-класс көрсөтүү каралган.
Конкурска мектеп окуучулары жана педагогикалык жамаат катышты.
Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу төмөнкү сыйлыктарды тапшырышты:
1-орун - №82 орто мектеп;
II орун - №79 орто мектеп;
III орун - №44 орто мектеп.
Эске салсак, 2022-жыл Азия өлкөлөрүнүн арасында Элдик чыгармачылык жана маданий мурас жылы деп жарыяланган. Сынак ушул окуяга утурлай уюштурулган.