Биринчи май акимчилигинде пландуу кеңешме өттү.

Район башчысы Максатбек Сазыкулов, райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жана МАБдын жетекчилери менен бир катар артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.

Күн тартибине ылайык, 2022-жылдын 1-кварталында аткарылган иштердин жыйынтыгы жана Биринчи май районунун жумушсуз жарандарын эсепке алуу, муниципалдык аймактык башкармалыктар (МАБ) тарабынан протоколдук тапшырмалардын аткарылышы, ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин кенешмесинин жыйынтыгы менен «Кут», «Бугу-Эне-Багыш», «Алтын-Казык», «Балбан-Таймаш» конуштарындагы коомдук-саясий абалы боюнча тапшырмасынын аткарылышы каралды.

Биринчи май району боюнча иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча 1428 адам кайрылган, анын ичинен 434 жаран каттоого алынып, 994 адамга кеңеш берилген, 357 адам жумушсуз деп табылып, 278 адам иш менен камсыз болгон.

Кесиптик окууга 122 адам жиберилип, бул үчүн 16 мектеп, 10 кесиптик лицей жана башка 6 жумушсуздарды даярдоо боюнча окуу борборлору менен келишим түзүлгөн.
Окуу 50 кесип боюнча жүргүзүлөт, эң талаптуулар айдоочу, бухгалтер, компьютердик сабаттуулук, оператор, тигүүчү, англис тили, чач тарач, массажист, ашпозчу, тырмак сервисинин мастери ж.б.

Шаарды көрктөндүрүү үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 79 адам тартылган.

№14 МАБдын жетекчиси Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Максат Алымбеков тарабынан «Жеңиш» конушунун жабык коллектордук-дренаждык системасын оңдоого каражат бөлүнүп берилгенин, иш жакында башталаарын билдирди.
Баяндамачыларды уккан район башчысы райондук ички иштер бөлүмүнө калктуу конуштардагы коомдук-саясий абалды көзөмөлгө алууну, Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрүнүн Бишкекке боло турган иш сапарынын маршруту боюнча тиешелүү иштерди күчөтүүнү, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтында рейддик иш-чараларды мындан ары да улантууну тапшырды. Жыйындын жыйынтыгы менен райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берүү менен протокол түзүлдү.