Штабдын ишине Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, КР Каржы министрлигинин Биринчи май башкармалыгынын, Биринчи май району боюнча салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Штабда 2 маселе: контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүү жана салыктын түрлөрү, жыйымдар боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы каралды.

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 852 млн 700 миң сом салык төлөмдөрү жана жыйымдары  түшүп, пландын аткарылышы 753 млн 100 миң сом, башкача айтканда план 113,2%ды түздү.

Бүгүнкү күндө базарларды кошпогондо, соода түйүндөрүнө 3866дан ашык контролдук-кассалык аппараттарды орнотуу талап кылынса, анын ичинен 3740 контролдук-кассалык аппарат орнотулуп,  жалпысынан 96,7%ды түздү.

Талкуунун жыйынтыгы менен киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча олуттуу сунуштарды киргизүү, ошондой эле «Тазалык» МИ менен биргеликте ири ишканалардын жана чарбалык субъекттердин абоненттик база боюнча иш алып баруу тапшырылды.