Свердлов районунун акимиаты №30 көмөкчү адистештирилген мектептин окуучулары үчүн «Hyde Park» эс алуу борборуна экскурсия уюштурду.

Балдар үчүн ат минүү, зоопаркка баруу жана түшкү тамак уюштурулган. Балдар көптөгөн позитивдүү эмоцияларды алып, жакшы маанай менен кайтышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган бир айлыктын алкагында уюштурулду.

Борбор калаанын мэриясы адистештирилген мекемелердин окуучуларынын эс алуусун уюштурууга көмөктөшкөн «Hyde Park» эс алуу борборуна ыраазычылык билдирет.