Билим берүү башкармалыгы менен ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын биргелешкен буйругу менен Бишкек шаары боюнча «Жол кыймылынын жаш инспектору» кароо-сынагы өткөрүлдү.
Сынактын райондук этабында 1-2-орунду ээлеген №31,44,52,54,67,73,84 мектептердин командалары жол кыймылынын жаш инспектору шаардык сынагына катышышты.
№67 окуу комплексинин базасында шаардык ЖКЖИ сынагы өткөрүлдү.
Сынак: жаш жол кыймылын көзөмөлдөөчү, болочок айдоочу, жол белгилеринин өлкөсү, жол эрежелери боюнча эксперттер, жол кыймылынын жаш инспектору отрядтарынын үгүт топторунун көрсөтүүсү, ошондой эле дубал гезиттерге сынак өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
1-орун - №73-орто мектеп;
2-орун - №84-орто мектеп;
3-орун - № 67 №67 ОТК МГ;
4-орун -№31 МГ.
Шаардык Жол кыймылынын жаш инспектору сынагына катышкан бардык командаларга дипломдор, оргтехника (ноутбук, компьютер, коп функциялуу принтер, портативдик колонкалар) жана сертификаттар тапшырылды.