11 студентке  калаадагы И.В.Гетте  атындагы №23 окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын чоң  залында дипломду салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Студенттердин кубанычын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси доктор Габриэла Геллил жана Кыргызстанда немис тилин окутуу боюнча координаторлору тең бөлүшүштү.

Немис тили боюнча II даражадагы диплом тилди эң жогорку деңгээлде билүүнүн далили болуп саналат, ал жаштарга немис тилдүү мамлекеттердин жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Бишкек шаарынын мэриясы дагы бир жолу бардык студенттерди «Спрахдиплом II» алуулары менен куттуктайт жана жаркын келечек каалайт!