Борбор калаада кароосуз калган жана иштеген балдарды, кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча биргелешкен рейддер уланууда.

Бул жолку рейд Биринчи Май районунда балдар комиссиясынын, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, билим берүү борборунун жана МТУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Комиссиянын бир күндүк туру “Азиз”, “Кудайберген”, “Сары-Өзөн” базарларында өттү. Анын жыйынтыгы менен Сары-Озон базарына жардам муктаж 1 бала аныкталды. Андан соң, Москва жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Чүй жана Манас проспектилеринде жашы жете элек балдары менен кайыр сурап жүргөн Өзбекстан Республикасынын жарандары болгон 2 аял аныкталган.

Ала-Тоонун борбордук аянтында түнкү рейд жүргүзүлүп, кароосуз калган 16 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, анын ичинен 7 жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген, 9 жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, жагдайлар жана себептер аныкталганга чейин  түнү көчөдө жүргөндүгү такталды.

Кайталануучу фактылардын алдын алуу боюнча балдардын бардык ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бекитилген график боюнча бул иштер улантылат. Жүргүзүлгөн ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен алар райондогу аныкталган балдар жана өспүрүмдөрдү талдап, алардын үй-бүлөсүнө тийиштүү социалдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшөт.

Урматтуу жарандар! Балдардын кайыр сураганына күбө болсоңуз, борбор калаалардагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн ишеним телефондоруна кайрылыңыз:

- Биринчи Май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111