Ийримдерди камсыздоо үчүн 10 миӊ 700 мугалим, жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери иштешет.
Бекитилген иш-чаралардын планы боюнча жалпысынан чыгармачылык ийримдер жана спорттук секциялар 15 миӊ баланы камтыйт.
Октябрь районунда 800 окуучу Балдар чыгармачылык борборунда жана 2 миӊ окуучу мектептерде ийримдерге катышат.
Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борбору 1 миӊ 300 окуучуну жана мектептери 1 миӊ 800 окуучуну камтыйт.
Свердлов районунун 1 миӊ 550 окуучусу Балдар чыгармачылык борборуна жана 3 миӊ 300 окуучусу мектептерге ийримдерге барышат.
Ленин районунун 1 200 окуучусу Жаш техниктер станциясы уюштурган ийримдерге катышат жана 1 миӊ 500 окуучу Балдар чыгармачылык борборуна, 3 миӊ 300 окуучу мектептерде ийримдерге катышат.
Шаардык чыгармачылык борборуна калаанын мектептеринин 2 миӊ 400 окуучусу ийримдерге барат.
Шаар боюнча ийримдерге жалпысынан 19 миӊ 870 окуучу тартылды.