“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы шаардын транспортун камсыздаган 19 көмөкчордонду оңдоодо.
Тактап айтканда, оңдоп-түзөө иштери троллейбус ишканасынын эсебинен болот. Анда көмөкчордондордун ичи жана сырты капиталдык оңдоо иштеринен өтөт.
Көмөкчордондор өткөн кылымдын 40-50-жылдары курулгандыктан оңдоого муктаж.