Биринчи май районунун акимиаты "Гайд Парк" эс алуу борбору менен биргеликте жетим жана жарым жетим балдар үчүн атка минүү уюштурду.
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти бизге ыңгайлуу автобустар менен жолугушууга жана барып келүүгө жардам берди, ошондой эле борбор калаанын жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер коштоп жүрүштү.
25 балага ат минүү, зоопаркка баруу жана даамдуу түшкү тамак даярдалды. Ар бири балага абдан позитивдүү эмоциялар, сергектик жана жакшы маанай тартууланды, ошону менен бирге кайра кийинки жолугушууну чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында багуучусунан ажыраган 544 бала каттоодо турат, анын ичинен 480 бала ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган, 64 бала томолой жетим (Социалдык фонд аркылуу 35 бала социалдык пенсия алат).
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июнундагы №163 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык:
- 29 жетим бала ай сайын 6000 сомдон социалдык жөлөкпул алат;
- ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган 480 бала ай сайын 2000 сомдон социалдык жөлөкпул алышат.
Биринчи май районунун акимиаты «Гайд Парк» эс алуу борборунун жетекчилигине эң кызыктуу эс алуу үчүн ыраазычылык билдирет.