Жалпысынан борбордун Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунда 920га жакын көчөт отургузулду.

Кара жыгач сейил багына,  Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, Өкмөт аянтында жана Бишкектин башка жашыл аймактарында көчөт отургузуу иштери таң эрте башталды. Бүгүн ясень, терек, катальпа, кайың, каштан көчөттөрү отургузулду.

Мындай түрлөрдүн ар түрдүүлүгү борбор калаада жаңы сейил бактарды тезирээк жашылдандырууга жардам берет, ошондой эле абаны тазалоодо чоң роль ойнойт.

Борбор калаанын мэриясы шаарды жашылдандырууга кайдыгер карабаган шаардыктарга  жана уюмдарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Бул борбор калааны өнүктүрүүгө кошкон чоң салым жана урпактарга эң жакшы мурас.