Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев жана Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Азамат Дороев тиешелүү коммуналдык кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте Совмин шаарчасынын аймагын кыдырып чыгышты.

Алар шаар тургундарынын курч суроолорун угушту.

Жөө жүрүштүн жүрүшүндө көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, ирригация, шлюздарды орнотуу, жол чырактарды орнотуу, мыйзамсыз курулуштарды, тосмолорду алуу  жана стихиялуу соода жүргүзүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында  шаардык кызматтарга аймактарды, анын ичинде чектеш жана короо аралык аймактарды санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.