“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кайрадан кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

Эртең менен ишкананын кызматкерлерин борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жолугуп, жумушчулардын бардык кйгөйлөрүн укту.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин бир бөлүгү айлык акынын кечиктирилишинен жана унааларды оңдоону каржылоо маселесинен улам иш таштаган.