Борбор калаанын мэриясы баласынын операциясына каражат чогултуу үчүн жер астындагы өткөөлгө жардам сураган эки баласы бар аялга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Аял менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында операция акысыз жүргүзүлөрү, бул курактагы балдарга стационардык дарылануу акысыз өткөрүлөрү айтылды.
Андан кийин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов баланын энеси менен жолугуп, диагнозун талкуулап, операция жасоо күнүн белгиледи.
Ошондой эле, үй-бүлөлүк дарыгердин андан аркы байкоосуна алынуу үчүн аймактык №1 ҮМБ жаздырылат.