Акимдин биринчи орун басары Садык Мырзакматовдун төрагалыгы алдында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Штабдын ишине КР Финансы министрлигинин Ленин райондук бөлүмүнүн начальниги, МСКБнын Ленин району боюнча начальнигинин орун басары, ККН боюнча МСКБнын башчысынын орун басары катышты.

Штабдын мүчөлөрү жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2022-жылдын январь-март айлары үчүн салыктардын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча аткарылышын жана 2022-жылдын 2-кварталындагы күтүлүүчү божомолун  карап чыгышты. Ошондой эле, Ленин районунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча үстүбүздөгү жылдын биргелешкен иш планы талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн салыктын түрлөрү боюнча аткаруу жана кыймылдуу мүлккө салыктарды чогултуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле жолугушууларды ай сайын жана зарылчылыкка жараша өткөрүү чечими кабыл алынды.