Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Балбан-Таймаш конушунун жашоочулары менен жолугушту.
Тургундар конуштун аймагына жаңы бала бакча жана мектеп, балдар аянтчасы, сквер куруу жана жер тилкелерине техникалык паспортторун жол-жоболоштуруу маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты.
Ошондой эле, алар муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулган тосмолорду бузуу өтүнүчүн да айтышты.
Райондун башчысы кызматтарга жашоочулардын көйгөйлөрүн белгиленген тартипте чечип, келечектүү долбоорлорду акимчиликтин иш планына киргизүүнү жеринде тапшырды.
Район тургундары менен жер-жерлерде жолугушуулар уланууда.