Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты  митингдерди өткөрүү жайларына убактылуу чектөө коюу өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, Ала-Тоо аянтында,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында  тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүү жерин чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.

Бул чектөөлөр күчүнө кирди жана 2022-жылдын 13-апрелинен 1-сентябрына чейин (кошкондо) күчүндө болот. Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги  М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.